Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кантип кеткенин айтты

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы президенттик кызматтан кантип кеткени тууралуу айтты. Ал бул тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
«Кабардын» директору Медер Шерметалиев саясатчы Азимбек Бекназаров «Жээнбековдун кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырган» деп айтканыны боюнча комментарий берүүнү сурады. Жээнбеков бул маалыматты четке кагып, ага карата эч кандай коркутуу болбогонун билдирди. Анын айтымында, кызматтан кетүү чечими Садыр Жапаров менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кабыл алынган.
«Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөшүп жатып, экөөбүздүн ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам», — деп билдирди ал.
Ошондой эле экс-президент маегинде бул маселе боюнча беш жылдан бери комментарий бербей келгенин, бирок окуяларды бурмалоого жол бербөө үчүн азыр тактоо киргизүүнү туура көргөнүн айтты.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдагы октябрь окуялары маалында 15-октябрда кызматын тапшырган.