Кыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын утту

17.11.2026 | 15:44
Кыргызстанец выиграл золото чемпионата мира по джиу-джитсу — Новости Кыргызстана

Кыргызстандык Алмаз Тарыкбаев мастерлер арасындагы джиу-джитсу боюнча Abu Dhabi World Amateur Jiu-Jitsu Championship 2026 дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Мелдеш 8-17-ноябрда Абу-Дабиде (БАЭ) өтүүдө.

Тарыкбаев көк кур тагынган эркектер арасында Master 3 жаш курагында, 94 кг чейинки салмакта чыкты. Бул категорияга жалпысынан 11 спортчу катышты.

Чейрек финалда ал англиялык Эндрю Чигнелди 11:1 эсебинде, жарым финалда сириялык Амджад Альсафадини 15:1 эсебинде жеңди. Финалда Тарыкбаев орусиялык Илья Пихликти муунтуу ыкмасы менен утту.

Бул Тарыкбаевдин мастерлер арасындагы дүйнө чемпионатындагы экинчи жеңиши: биринчи алтынды ал 2025-жылы утуп алган.

Спортчу 43 жашта, джиу-джитсу менен эки жылдан бери машыгат. Тарыкбаев Kyrgyzstan Top Team клубунда Абдурахман Муртазалиев, Азамат Кубанычбек уулу жана Руслан Согдеевден машыгат.

Теги: спорт
Scroll to Top