Кыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштү
Чет өлкөлөрдө добушканалар көбөйөт
06.09.2021 | 17:26
Орусиянын Хабаровск, Самара, Казан, Краснодар, Томск, АКШнын Нью-Йорк, Чикаго, Италиянын Кальяри жана Түркиянын Анталия шаарында ачылат. Бул туурасында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда билдирди.
Анын маалыматына караганда кээ бир мамлекеттерден уруксат алынса, айрымдарынан жооп ала элекпиз. Ошол себептен уруксаат берилген жана жарандарыбыздын суранычтары болгон жерлерге добушканалар ачылып жатат.
Министр тастыктагандай, чет жакта 68 миңдин тегерегинде шайлоочу бар. Добуш берем деген жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоодон өтүшү керек.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат