Адылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды«Хейт мени чыйралтты»: Кыргызстан ханышасы Алена Хоменко соттор, авиация жана жеңиш тууралуу
«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштады
03.11.2026 | 17:17

«ВК» жоопкерчилиги чектелген коому Кыргызстанда салыктык каттоодон өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана отчёттуулугун тапшырды жана салык милдеттенмелерин аткарды.
“Мамлекеттик салык кызматы «ВК» ЖЧКсынын жоопкерчиликтүү мамилесин кубаттайт жана Кыргыз Республикасында электрондук кызматтарды көрсөткөн бардык чет өлкөлүк уюмдардын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоосун камсыздоо боюнча иштерди улантат”,- деп билдирди мекеме.
Ошондой эле Салык кызматы чет элдик санариптик ишканалардын каттоодон өтүшү жана салык төлөшү рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттарды түзүүгө багытталганын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: салык, Салык кызматы