Улуттук банк: Кыргызстан 2027-жылы юань менен облигация чыгарышы мүмкүн

Кыргызстан Кытай юанында мамлекеттик облигацияларды биринчи жолу жайгаштырууга даярданып жатат. Чыгарылыш 2027-жылы Гонконг же Шанхай аянтчаларында болушу мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Bloomberg агенттигине берген маегинде билдирди. Облигацияларды жайгаштыруу жана анын мөөнөтү боюнча акыркы чечим каржы рынокторундагы кырдаалга жараша кабыл алынат.
Бакетаевдин айтымында, 2025-жылы эл аралык карыз рыногуна чыккандан кийин өлкө капитал тартуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Азиядагы рынокторду карап жатат. «Биз Батыш рыногун сынап көрдүк, эми Чыгышты карап көрүүгө убакыт келгендир. Ал жакта облигация чыгаруу арзаныраак болушу мүмкүн», — деди ал.
2025-жылы Кыргызстан биринчи жолу еврооблигацияларды жайгаштырып, 700 миллион доллар тарткан. Эми өкмөт каржы консультанты Oppenheimer & Co. менен биргеликте ушундай эле операцияны Кытай валютасында жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Каржы министрлиги Bloomberg агенттигине ноябрь айында Гонконгдо потенциалдуу инвесторлор менен жолугушуулар пландалганын билдирген.
Бакетаев юань менен облигация чыгарууга болгон кызыгууну Кытай менен экономикалык байланыштардын кеңейиши менен түшүндүрдү. Анын айтымында, өз ара соода жана инвестициялык кызматташтык өскөн сайын Кытай валютасы республиканын экономикасында барган сайын чоң роль ойной баштады. Былтыр Кытай Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестиция салган эң ири өлкө болуп, алардын жалпы агымынын дээрлик жарымын камсыздаган.
Агенттик белгилегендей, Кыргызстан дүйнөдөгү экономикасы эң тез өсүп жаткан өлкөлөрдүн бири болуп калды. Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) баалоосу боюнча, 2020-жылдан 2025-жылга чейин өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) доллар менен эсептегенде дээрлик үч эсеге өскөн. Бул баалоолорго ылайык, 2025-жылы экономика болжол менен 11% өскөн, ал эми 2030-жылга карата ИДПнын доллар менен эсептелген көлөмү 2025-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйүшү мүмкүн.
Bloomberg жазгандай, Кыргызстандын экономикалык өсүшү чийки зат экспорттоочу көптөгөн өлкөлөрдөгү кырдаалдан айырмаланат. Агенттик негизги факторлор катары сооданын жана курулуштун өсүшүн, мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшүн, акча которуулардын жана капиталдын агымын, ошондой эле транспорттук инфраструктуранын өнүгүшүн атаган.
Бакетаев Кыргызстан тарыхый жактан Кытай, Казакстан, Россия жана аймактагы башка өлкөлөрдүн ортосундагы транзиттик түйүн катары кызмат кылып келгенин белгиледи. Анын айтымында, азыр өлкө энергетикалык долбоорлорго, кайра жаралуучу энергия булактарына жана транспорттук тармактарга олуттуу каражат жумшап жатат. Ири долбоорлордун бири — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бакетаевдин пикиринде, бул долбоор республиканын Улуу Жибек жолундагы соода каттамдарындагы ордун бекемдейт.
Ошол эле учурда тобокелдиктер да сакталууда. Атап айтканда, инфляциянын жогорку деңгээли акча-кредит саясатын катаалдаштырууну талап кылат. Ошого карабастан, эл аралык каржы уюмдары Кыргызстандын экономикасы мындан ары да өсөт деп күтүшүүдө.