Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Чолпон-Атада «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-ыр фестивалы өтөт
01.09.2026 | 12:14

1–4-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-ыр фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Фестивалда дүйнөнүн төрт тарабынан келген өнөрпоздор өз элдеринин музыкалык мурастарын тартуулашат. Иш-чаранын финалдык бөлүгүндө кыргыз жана башка өлкөлөрдүн артисттеринин концерти өтөт.
Билеттер nebs.gov.kg сайтында, ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын чыгыш жана батыш тарабында жайгашкан сатуу түйүндөрүндө сатылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият