Кыргызстанда ШКУ чокусу пайда болот — Садыр Жапаров жарлыкка кол койду

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы аталышы жок тоо чокусуна «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген географиялык аталышты берүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.
Бийиктиги 4 миң 50 метр болгон чоку Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан.
Документте белгиленгендей, бул демилге Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана 2026-жылы Кыргызстанда уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө байланыштуу.
Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетине белгиленген тартипте аталышы жок чокуга «Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу» деген географиялык аталышты берүү маселесин кароо тапшырылды.
Мындан тышкары, Министрлер кабинети үч айдын ичинде тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиши керек.
Ошентип, чокуга жаңы географиялык аталышты биротоло берүү үчүн парламент тарабынан тиешелүү мыйзамдын кабыл алынышы талап кылынат.