Мамбетжунус Абылов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз берди

12.11.2026 | 15:35
Мамбетжунус Абылов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз берди — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 12-ноябрда, Мамбетжунус Абылов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) арыз тапшырды. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

72 жаштагы Мамбетжунус Абылов Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Жаз-Кечүү айылында туулган. 1979-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган. Ал экономика илимдеринин кандидаты.

1995–1996-жылдары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияны жетектеген. Ал эми 1996–1998-жылдары Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министри кызматын аркалаган.

Дипломатиялык чөйрөдө 1998–2003-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы, 2005–2009-жылдары Түркиядагы элчиси болуп эмгектенген. 2022-жылы Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин акталган.

Эске салсак, буга чейин «Бириккен демократиялык кыймыл» президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен катыша турганын билдирген. Мамбетжунус Абылов аталган бирикменин координатору болуп саналат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Өлкө башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу арыздарды кабыл алуу бүгүн, 12-ноябрда, саат 24:00дө аяктайт. Буга чейин президенттик шайлоого катышуу арызы менен БШКга тогуз жаран арыз берген. Алар:

  • учурдагы президент Садыр Жапаров,
  • Аймен Касенов,
  • Азамат Эсенбеков,
  • Сыймык Жапыкеев,
  • Акай Кыдыров,
  • Исхак Масалиев,
  • Бактыбек Калмаматов,
  • Бакытбек Адылов,
  • Амур Айба Медер.
Теги: шайлоо
Scroll to Top