Бишкекте курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

12.11.2026 | 12:14
Бишкекте курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында 2,9 миллион сомдук алдамчылыкка шектелип, курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылып, кармалган жетекчи 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын май айына чейин үлүштүк курулуш аркылуу көп кабаттуу үйдөн эки бөлмөлүү батир берүүнү убада кылып, андан 2 млн 924 миң 986 сомун алганын билдирген. Кийин арыз ээсине үлүштүк катышуу келишимин башка курулуш компаниясына кайра тариздөө сунушталган, бирок батир берилген эмес жана акча каражаты кайтарылган эмес.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 1987-жылы туулган Э.Н. аныкталып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда окуянын жагдайларын тактоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Милиция жарандарды үлүштүк курулуш келишимдерин түзүүдө документтерди жана куруучулардын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырды.

Scroll to Top