Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка таасири талкууланды

13.11.2026 | 13:34
Минздрав Кыргызстана рассказал о влиянии изменения климата на здоровье — Новости Кыргызстана

Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катышуучуларынын 31-конференциясында (COP31) Кыргызстандын павильонунда «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу саламаттык сактоо» аттуу иш-чара өткөрдү. Конференция Анталья шаарында өтүүдө. Бул тууралуу министрлик маалымдады.

Министрликтин делегациясын саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова жетектеди.

Иш-чарада Кыргызстандын медициналык уюмдардын климаттык аялуулугун баалоо боюнча ыкмалары, калктын, анын ичинде тоолуу аймактарда жашаган жана мал чарбачылыгы менен алектенген жамааттардын ден соолугуна климаттык тобокелдиктердин таасири боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, ошондой эле саламаттык сактоо системасын климаттын өзгөрүшүнө даярдоого жардам бере турган куралдар тааныштырылды. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн, аптаптуу ысыктын жана катуу сууктун ден соолукка тийгизген таасири, ошондой эле медициналык уюмдарды мындай шарттарга ылайыкташтыруу зарылдыгы өзүнчө талкууланды.

«Аймагынын 94%ын тоолор ээлеген Кыргыз Республикасы үчүн климаттын өзгөрүшү маселеси өзгөчө актуалдуу. Биз климаттык тобокелдиктерди экологиялык гана эмес, коомдук саламаттык сактоонун маанилүү көйгөйү катары да карайбыз. Биздин милдет — калктын ден соолугун коргоону камсыз кылуу үчүн бул тобокелдиктерди өз убагында баалоо, медициналык уюмдардын даярдыгын күчөтүү жана адаптациялоо боюнча практикалык чараларды киргизүү», — деди Ишенапысова.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, илимий жана эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны Саламаттык сактоо министрлиги, Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту, Эл аралык жогорку медицина мектеби жана «Илбирс фонду» коомдук фонду Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун катышуусунда уюштурду.

Scroll to Top