Бир басуудагы коркунуч: алдамчылар вирус жуккан телефондор аркылуу акчаны кантип уурдашат жана бул учурда эмне кылуу керек?

Элестетип көрүңүз, сиз смартфонуңузга кирүү мүмкүнчүлүгүн таптакыр бейтааныш адамдарга өз колуңуз менен берип койдуңуз. Бул акылга сыйбаган нерседей угулат. Бирок айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда күн сайын 150дөн ашык адам азгыруучу шилтемеге өтүү аркылуу өз түзмөгүн, банк карталарын жана жеке маалыматтарын байкабай алдамчылардын көзөмөлүнө өткөрүп беришет.
Алдамчылык схемасы кандай иштейт?
Мунун баары сиз күн сайын колдонгон Instagram, TikTok, Facebook, Telegram, WhatsApp же YouTube сыяктуу социалдык тармактардагы же мессенжерлердеги бир басуудан башталат.
Шилтемеге өтүп, Android үчүн орнотуу файлы болгон бөтөн APK-файлды жүктөп алсаңыз, смартфонуңуз түзмө-түз өз алдынча иштей баштайт. Телефонуңуз болгону бир-эки мүнөт катыйт, бирок дал ушул учурда кылмышкерлер түзмөгүңүздү башкара башташкан болот.
Маанилүү: алдамчылар банктын өзүн эмес, алар сиздин телефонуңузду бузуп киришет. Шилтеме жасалма сайтка алып барат. Ал жерде акчалай төлөм же колдонмону жаңыртуу шылтоосу менен түзмөккө зыяндуу программалар орнотулат. Алардын катарына Stealer (маалымат уурдоочу программа) жана банктык троян кирет.
Stealer. Сырсөздөрдү, банк карталарынын маалыматтарын жана SMS-коддорду жашыруун уурдайт. Билинип калбоо калуу үчүн келген билдирүүлөрдү дароо өчүрөт.
Банктык троян. Экранды жана басылган баскычтарды толук башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Сиз эч нерсени ырастай электе эле өз алдынча акча которууларды жүргүзүшү мүмкүн.
Вирусту кайдан жуктуруп алуу мүмкүн?
• Жарнамалар, Reels жана комментарийлер: оңой акча табуу, байгелер, белгилүү блогерлердин жана банк жетекчилеринин дипфейктери аркылуу азгыруу.
• Жасалма төлөмдөр: президенттин же мамлекеттик кызматкерлердин атынан сунушталган жалган мамлекеттик жардамдар.
• Бузулган аккаунттар: тааныштарыңыздын чыныгы аккаунттарынан келген билдирүүлөр жана шилтемелер.
• Чоңдор үчүн сайттар (18+): видеолорду көрүү үчүн атайын плеерди же «кодекти» жүктөп алуу талабын коюу.
• Бөгөттөөлөрдү айланып өтүү: акысыз VPN кызматтары жана шектүү колдонмолор.
• Үчүнчү тараптардын APK-файлдары: банктык колдонмолордун жасалма жаңыртуулары, жүк кагаздары же жасалма видеолор.
• «Коопсуздук кызматы»: алыстан башкаруучу программаларды орнотууга көндүрүү.
Зыяндуу сайтты кантип айырмалап, коркунучту кантип аныктоого болот?
Шилтеменин шектүү дареги: ашыкча символдор, сандар же шектүү домендик зоналар (.sbs, .top, .xyz, .click). Эскертүү: браузердеги жашыл кулпу белгиси бүгүнкү күндө сайттын коопсуздугуна кепилдик бербейт.
Шашылыш аракет кылууга мажбурлоо: артка санаган таймерлер, дүрбөлөңгө салган чакырыктар жана «болгону 3 эле орун калды» деген сыяктуу сөздөр.
Коддорду талап кылуу: которулган акчаны алууну шылтоолоп, SMS-кодду же банк картасынын маалыматтарын киргизүүнү талап кылуу.
Эсиңизде болсун: MBANK эч качан колдонмолорду үчүнчү тараптардын сайттары же файлдары аркылуу жаңыртууну талап кылбайт. Android түзмөктөрү үчүн колдонмолорду Google Play расмий дүкөнүнөн гана жүктөп алуу коопсуз. Калган булактар кооптуу болушу мүмкүн.
Вирустар телефонго кандайча кирип, башкарууну кантип колго алышат?
Вирус өзүн системаны жаңыртуу, медиа-плеер же банктык коргоо программасы катары көрсөтүп, жакшы иштеши үчүн «Атайын мүмкүнчүлүктөр» кызматын иштетүүнү талап кылат.
Колдонуучу «Уруксат берүү» баскычын басуу менен телефонуна толук көзөмөл жүргүзүүгө өз колу менен жол ачат. Андан кийин вирус SMS-билдирүүлөрдү окуп, сырсөздөрдү көрүп, өз алдынча акча которууларды жүргүзүп, жасалма терезелерди көрсөтүп, зыяндуу программаларды өчүрүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн.
Телефонуңузга вирус кирип кеткен болсо, эмне кылуу керек?
1. Түзмөктү интернеттен ажыратыңыз. Учак режимин күйгүзүп, Wi-Fi менен мобилдик интернетти толугу менен өчүрүңүз.
2. Каржылык операцияларды бөгөттөңүз. Башка телефондон тез арада MBANK менен байланышып, банк карталарыңызды жана мобилдик колдонмонузду бөгөттөңүз.
3. Сак болуңуз. Вирус жуккан телефон аркылуу сырсөздөрдү жана SMS аркылуу келген коддорду эч качан тербеңиз.
4. Кооптуу уруксаттарды өчүрүңүз. «Жөндөөлөр» → «Атайын мүмкүнчүлүктөр» бөлүмүнө кирип, белгисиз колдонмолорду өчүрүңүз. Ошондой эле «Коопсуздук» → «Түзмөктүн администраторлору» бөлүмүнөн керексиз уруксаттарды алып салыңыз.
5. Вирустарды өчүрүңүз. Шектүү колдонмолорду өчүрүп салыңыз (зарыл болсо, коопсуз режим аркылуу). Google Play Protect кызматы аркылуу текшерүү жүргүзүңүз. Эгер вирус өчпөй жатса, телефонду заводдук жөндөөлөрүнө кайтарыңыз.
6. Кирүү маалыматтарын жаңыртыңыз. Таза жана коопсуз түзмөктөн бардык сырсөздөрүңүздү алмаштырып, эки факторлуу аутентификацияны сөзсүз күйгүзүңүз.
7. Тиешелүү органдарга кайрылыңыз. Далилдерди (скриншотторду, акча которуулардын реквизиттерин) сактап, банкка жана укук коргоо органдарына расмий арыз менен кайрылыңыз.
Үч жөнөкөй эрежени эстеп, жакындарыңыз менен сөзсүз бөлүшүңүз!
1. Шектүү шилтемелерге өтпөңүз. Жарнамалардан же күтүүсүз акчалай төлөмдөр, байгелер жана шашылыш жаңыртуулар тууралуу билдирүүлөрдөн келген шилтемелерди ар дайым кооптуу деп эсептеңиз.
2. Үчүнчү тараптардын файлдарын орнотпоңуз. Колдонмолорду расмий дүкөндөрдөн гана жүктөп алыңыз.
3. Жеке маалыматтарыңызды, SMS-коддорду жана сырсөздөрдү эч кимге айтпаңыз.
«Биз сиздердин коопсуздугуңуздарга жана каржылык каражаттарыңыздардын корголушуна чын дилибизден кам көрөбүз».
Материал MBANKтын колдоосу менен даярдалды.
КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы.