Бишкекте мыйзам талаптарын бузган курулуш объектилерине 1 млн сом айып салынды

30.10.2026 | 12:33
Бишкекте мыйзам талаптардын бузган курулуш объектилерине 1 миллион сом айып салынды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында мыйзам талаптардын бузган беш курулуш объектиси аныкталып, аларга жалпы 1 млн сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы жүргүзгөн. Жыйынтыгында төмөнкү курулуштарда «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» ченемдери жана «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптары бузулганы аныкталган:

  • «Мүрөк» спорттук медицина жана реабилитация борбору;
  • Арча-Бешик конушундагы Шербет көчөсү, 11 дарегиндеги беш кабаттуу кеңсе имараты;
  • Карасаев көчөсү, 128 дарегиндеги 12 кабаттуу турак үй;
  • Көк-Жар айылындагы 16-тилкеде жайгашкан тогуз кабаттуу турак үй;
  • Панфилов көчөсү, 11 дарегиндеги эмерек салону.

Мыйзам бузуулар боюнча курулуш жүргүзгөн подряддык уюмдарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык жалпы 1 млн сом өлчөмүндө айып салынган. Ошондой эле кемчиликтерди жоюу боюнча актылар түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген.

Scroll to Top