Кыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлери
Чүй: 10 миң доллар алдап алган аял кармалды
11.11.2021 | 14:51
43-жаштагы Д.Д. аттуу Токмок шаарынын тургуну 10 миң долларын алдатып жиберген. Милиция кылмышка шектүүнү кармады. Бул туурасында Чүй облустук милиция билдирди.
Маалыматка караганда, чала тааныш аял анын ишенимине кирип, эки жуманын ичинде кайра кайтарып берүүнү убада кылып, 10 миң АКШ долларын алып ошол боюнча кайтарып бербей из жашырып жүргөн. Милиция Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну К.А. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алган.
Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом