УКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам барСадыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миңден ашык үй-бүлө батир алат26-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте милиция мечиттердин жанындагы кайырчылыкка каршы күрөшүүдөОш шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке кирет
Күзгү салкын жана нөшөрлүү жаан: 5-сентябрга карата аба ырайы
05.09.2026 | 10:00

Бүгүн, 5-сентябрда күндүз өлкө аймагынын басымдуу бөлүгүндө жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу болот (Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт). Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
- Чүй облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 23…28°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 21…26°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 25…30°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 25…30°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 25…30°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 17…22°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 6…11°C, күндүз 18…23°C;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12…14°C, күндүз 25…27°C (түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт);
- Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн 9…11°C, күндүз 17…19°C (мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт).
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 4-сентябрь эртең мененки маалымат боюнча 21,4°C түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: погода