Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында балбандар таймашы: Ирандык спортчу стронгмэн боюнча чемпион болду
05.09.2026 | 12:30

Кырчын жайлоосундагы Спорт шаарчасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында дүйнөнүн алптарынын катышуусундагы стронгмэн боюнча мелдештер аяктады. Абсолюттук салмак категориясындагы кызыктуу күч сынашуу таймашында 10 өлкөдөн келген 19 спортчу жеңиш үчүн күч сынашты.
Оюндардын эң күчтүү адамы наамын Ирандын өкүлү Сажад Солтанинежад багындырды. Экинчи орунду жана күмүш медалды россиялык Денис Вагапов алса, байгелүү үчтүктү Казакстандан келген спортчу Вадим Макарстов жыйынтыктады.

Турнирдин жыйынтыгы жана байге фонддору:
• 1-орун: Сажад Солтанинежад (Иран) — 150 000 сом;
• 2-орун: Денис Вагапов (Россия) — 130 000 сом;
• 3-орун: Вадим Макарстов (Казакстан) — 100 000 сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: ВИК