100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз шахмат союзунун алдында Улуттук шахмат академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Долбоордун негизги максаты — эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоо тутумун түзүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын чыңдоо жана таланттуу спортчуларды колдоо болуп саналат.
Мамлекет жогорку спорттук ийгиликтерге жетишкен оюнчулар жана машыктыруучулар үчүн комплекстүү сыйлоо чараларын киргизүүдө. Каржылоо эл аралык турнирлерге катышуу чыгымдарын, окуу-машыгуу жыйындарын уюштурууну, кесиптик инвентарларды сатып алууну жана машыктыруучулар курамынын квалификациясын жогорулатууну камтыйт.
Буга чейин республикада шахматты жайылтуу боюнча беш жылдык мамлекеттик программанын алкагында Шахматты өнүктүрүү фонду негизделип, анын материалдык-техникалык базасын түзүүгө КР Президентинин фондунан 100 миллион сом бөлүнгөн.