Чүй: 8,5 тонна сүт эмне себептен сууга төгүлгөнү тастыкталды

Чүй: 8,5 тонна сүт эмне себептен сууга төгүлгөнү тастыкталды

Ири көлөмдө сүттү сууга төгүп жаткан кишинин өздүгү такталды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда сүт ташыган унаадан сууга сүт куюлуп жаткан видео тараган, бул факты боюнча Сокулук райондук милициянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда сүт ташыган айдоочунун өздүгү такталды. Ал Сокулук районунун тургуну 30 жаштагы Г.Г болуп чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө сүт ташуучу унаанын айдоочусу чогултулган сүттү Сокулук районунун Жаңы Жер айылынан жана Жогорку Чүйдөн 30-апрель күнү чогултуп, сүттүн курамында белгиленген тийиштүү талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу сүт алуучу ишканага тапшыра алган эмес, ошого байланыштуу 1-май күнү саат 11:00 чамасында Жаңы-Жер айылында сүт ташуучу унаанын айдоочусу 8,5 тонна сүттү сууга куюп, аны видеого тартып, кардарларына жөнөткөн.

Мындан тышкары, Чүй облусунун ИИБ кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында сүт кабыл алып жаткан жеке ишканалар менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар кадимки режимде иштеп жатканы белгилүү болду.

 

Бул факты Сокулук райондук милицияга катталып, мындан ары тыкыр текшерүүлөр уланып, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>