Чүй: Бейтааныш эркек 30 жаштагы аялды сабап кетти

Чүй: Бейтааныш эркек 30 жаштагы аялды сабап кетти

Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинен 30 жаштагы аялды ур-токмокко алган шектүүнү кармоо үчүн ыкчам издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  26-декабрь күнү болжол менен саат 06:42 чамаларында Аламүдүн милициясынын нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинен белгисиз бирөө аял кишинин денесине залал келтиргени тууралуу маалымат келип түшкөн.  Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн милициясынын  ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Ал жерден 1991-жылы туулган К.М. аттуу айым арыз менен кайрылып, азиат улутундагы болжол менен 35-40 жаш курактагы бейтааныш эркек киши 26-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 06:30 чамаларында эч себепсиз анын денесине залал келтирип, белгисиз
тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты Аламүдүн РИИБи тарабынан катталып, териштирүү иштери башталган. Анын негизинде, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Учурда Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы окуяга тиешеси бар жарандын өздүгүн тактоо жана кармоо үчүн ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>