Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

02.11.2026 | 11:26
В Бишкеке пройдет региональный форум по развитию промышленности — Новости Кыргызстана

5-ноябрда Бишкек шаарында «Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо» аттуу аймактык форум өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Форумду Кыргызстандын Министрлер кабинети БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) менен биргеликте уюштурууда. Анын максаты — Кыргызстандын өнөр жай демилгелерин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, ошондой эле өкмөт өкүлдөрүнүн, эл аралык финансы институттарынын, жеке сектордун жана инвесторлордун ортосунда диалог түзүү болуп саналат. Талкуулардын негизин Минкаб менен ЮНИДОнун ортосундагы Мамлекеттик өнөктөштүк программасы (МӨП) түзөт.

Форумдун программасына төмөндөгүдөй:

  • өнөр жай трансформациясын жана МӨПтүн координациялык ролун талкуулоо боюнча стратегиялык диалог;
  • агроазык-түлүк паркын түзүү, электрондук окутуу платформасы, чакан гидроэнергетика, фармацевтика, ошондой эле текстиль жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча инвестициялык диалог;
  • Борбордук Азия өлкөлөрүнүн таза технологиялар жана электр унааларынын инфраструктурасы боюнча тажрыйба алмашуусу;
  • форумдун жыйынтык документин кабыл алуу боюнча сессия.

Иш-чарага Кыргызстандын жана Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөт мүчөлөрү, ЮНИДОнун, БУУнун, эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-коомчулук жана инвесторлор катышат.

Scroll to Top