Кыргызстандын кинотеатрларына 4 миллиондон ашык көрүүчү барды, театрлар 1 931 спектакль койду

02.11.2026 | 13:58
Кинотеатры КР посетили более 4 млн зрителей, театры дали 1 931 спектакль — Новости Кыргызстана

2025-жылы Кыргызстандын кинотеатрларына 4 миллиондон ашык көрүүчү барган, ал эми театрлар 1 931 спектакль жана оюн көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин материалында айтылат.

Статкомдун маалыматына ылайык, өлкөдө 32 кинотеатр иштейт. 2025-жылы аларда 247 миңден ашык киносеанс өткөрүлгөн. Кинотеатрлардын эң көбү Бишкекте (10), Нарын облусунда жана Ош шаарында (5тен), ошондой эле Чүй облусунда (4) жайгашкан.

Республикада 21 кесиптик театр бар. Алардын 10у Бишкекте, үчөө Ошто, экөө Жалал-Абад жана Нарын облустарынын ар биринде, ал эми Баткен, Ысык-Көл, Ош жана Талас облустарынын ар биринде бирден театр иштейт. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр арасында Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик академиялык орус драма театры, Бишкек жана Ош шаарларындагы куурчак театрлары, ошондой эле Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры өзгөчө популярдуу.

2025-жылы өлкөдө клуб тибиндеги 715 маданият мекемеси иштеген. Алардын 90%дан ашыгы айыл жергесинде жайгашкан. 2025-жылдын аягында өлкөдө алты концерттик уюм, анын ичинде үч филармония иштеп турган. Алар жалпысынан 197 концерт өткөрүшкөн. Эң көп көрүүчү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук филармониясынын концерттерине барган.

2025-жылы республикада тарыхый, этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, край таануу, мемориалдык, көркөм сүрөт жана адабий багыттагы 66 музей иштеген. Алардын фондунда келгендерге сунушталган 211 миңге жакын экспонат бар. Маданий эс алууну 49 маданият жана эс алуу паркы да камсыздаган. Алардын 15и Бишкекте, 14ү Жалал-Абад облусунда жайгашкан.

Статком тарыхый маалыматтарды да келтирет. Маданият кызматкерлеринин күнү өкмөттүн токтому менен 1995-жылы бекитилген. Биринчи элдик театр 1918-жылы Караколдо, ал эми биринчи кесиптик театр 1926-жылы түзүлгөн. Революцияга чейинки Кыргызстанда Пишпек шаарындагы Эмен паркында бир гана кино көрсөтүүчү жай болгон.

Scroll to Top