Чүйдө жолго караңгыда жарык чагылдыруучу тасмалар илинди

Чүйдө жолго караңгыда жарык чагылдыруучу тасмалар илинди

Чүй облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарбынан Бишкек – Нарын — Торугарт унаа жолунда түнкүсүн айдоочуларга жарык чагылдыруучу тасмаларды илүүдө. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.

Маалымат караганда, Чүй ЖКККБ тарабынан буга чейин жол көзөмөлдөө мекемелерине тиешелүү сунуштамалар берилип келген, тилекке каршы алар аткарылбай эмес.

«Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда жол кырсыктарынын бирден бир себеби жол белгилери жана жол сызыктарынын жоктугу. Бул көрүнүшөрдү жоюу жана жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында бүгүнкү күндө Чүй ЖКККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларга кечкисин жарык чагылдыруучу тасмаларды ар бир бурулушка жана жолду бөлүп турган бетондорго чаптап чыгышты», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЖКККБ Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>