Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Чүйдө жаран аялы көзүнө чөп салганын билип, ойношуна бычак сайган
17.01.2025 | 14:35
Чүйдө жаран аялынын ойношуна бычак сайган деп кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 2024-жылы ноябрда 45 жаштагы жаран (Т.С.) Instagram аркылуу бир аял менен таанышып, кийин ал экөөнүн ортосунда мамиле түзүлүп, интимдик байланыш болгон.
Көп узабай аны аялдын күйөөсү (Т.А.) билип калып, 16-январда ал берки эркек (Т.С.) менен Кара-Балтада жолуккан. Экөө сүйлөшүп турганда ал кызганычтан улам тиги эркекти көкүрөк тушка бычак сайган. Бычак жеген жаран ооруканага түшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары аялдын 47 жаштагы күйөөсү (Т.А.) кармалган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.