Бишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө

21.08.2026 | 17:10
Бишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 21-августта, Бишкек шаарында «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө» аттуу Улуттук педагогикалык форум ишин баштады. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана билим берүү тармагынын 400дөн ашык өкүлү катышууда.

Форумдун алкагында 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн биринчи жылынын жыйынтыктары чыгарылып, жаңы 2026-2027-окуу жылына карата багыттар аныкталууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө билим берүү системасындагы сапаттык өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгиледи.

«Жаңы доорго – жаңы билим. Жаңы билимге – жаратман педагог керек. Бир бүтүн билим берүү экосистемасы – замандын талабы. Бүгүн курулуп жаткан жаңы Кыргызстандын эртеңки тагдыры — бүгүнкү балдардын билиминен жана мугалимдин эмгегинен көз каранды. Билим менен тарбияны айкалыштырып, мугалимдерди колдоо жана билим берүү системасын тынымсыз өнүктүрүү аркылуу гана биз максаттарыбызга жетебиз»,-деп билдирди өкмөт башчы.

Төрага билим берүү тармагын каржылоо 2021-жылдагы 40 млрд сомдон 2025-жылы 75 млрд сомго чейин өскөнүн маалымдады. Анын айтымында, акыркы беш жылда өлкөдө 390дон ашык жаңы мектеп курулуп, 110у капиталдык оңдоодон өттү. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 22%дан 51%га жетти. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 80%га жеткирүү милдети коюлган.

Белгилей кетсек, Улуттук педагогикалык форум эртең, 22-августта, ишин улантат.

Scroll to Top