Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Автоунааларды каттоо боюнча мамлекеттик борбор майрам күндөрү кандай тартипте иштейт
24.08.2026 | 15:28

31-августта өлкө боюнча, 1-сентябрь күнү Бишкек шаарында айрым Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун бөлүмдөрү иштебейт. Бул тууралуу борбордун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-август — Эгемендүүлүк күнү иш эмес майрам күнү болуп саналат. Ал эми 1-сентябрь Бишкек шаарындагы бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү деп белгиленген. Буга байланыштуу:
- 31-августта борбордун бардык бөлүмдөрү иштебейт.
- 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр штаттык режимде иштейт.
Бирок 1-сентябрда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине байланыштуу төмөнкү бөлүмдөр ишин токтотот:
- Аламүдүн бөлүмү;
- «Биримдик» бөлүмү;
- Чыгыш бөлүмү;
- «Аю Гранд» соода борборундагы шаардык бөлүм.
«РИОМ» унаа базарынын аймагында жайгашкан Аймактар аралык бөлүм 1-сентябрда штаттык режимде иштейт. Дареги: Чүй облусу, Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 211.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом