КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Чүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилди
12.10.2026 | 15:10
Чүй облусунун Беловодское айылында «Клубмалина» ишканасынын муздаткыч комплекси ишке киргизилди. Объект Айыл чарба министрлигинин «Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ачылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун жалпы наркы 110 млн сомду түзөт. Анын 75 млн сому Азия өнүктүрүү банкы каржылаган «Айыл чарбасындагы климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү» долбоорунан бөлүнүп, калган каражат ишкананын өздүк эсебинен каржыланган.
Ишкананын аянты 1 миң 500 чарчы метрди түзүп, 20дан ашык жумуш орду ачылган. Комплекс айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү жана экспорттук дараметин жогорулатуу максатында курулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Айыл чарба министрлиги



