Садыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди

18.10.2026 | 11:00
Садыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди — Новости Кыргызстана

Кыргызстан Армения менен байланыштарда транспорт жана транзит тармагын өнүктүрүүнү негизги багыттардын бири катары карайт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 17-октябрда Ереван шаарында Арменияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасаганда айтты.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу сүйлөп жатып: «Өзгөчө транспорттук кызматташтыкты келечектүү багыттардын бири катары белгилеп кетким келет. Бул жаатта транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маанилүү деп эсептейм. Аталган тармактарда биргелешкен күч-аракеттерибиз менен конкреттүү натыйжаларга жете аларыбызга ишенем», — деп билдирген.

Ошондой эле өлкө башчы Кыргызстан менен Армениянын ортосунда соода, айыл чарба, IT, билим берүү жана туризм багыттарында да кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеген.

«Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн маанилүү жыйынтыктарынын бири – жарандардын сапарлары, пенсиялык камсыздоо, билим берүү, илим жана жеке маалыматтарды коргоо сыяктуу тармактарды камтыган эки тараптуу документтердин олуттуу топтомуна кол коюлушу болду»,- деген ал сапардын жыйынтыктары тууралуу айтып жатып.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан Армения менен өз ара урматтоого жана жемиштүү кызматташууга негизделген достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген. Ошондой эле Никол Пашинянды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө жана 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырган.

Scroll to Top