Садыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту
Ереванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду
18.10.2026 | 10:30

17-октябрда Ереван шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 эки тараптуу документке кол коюшту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюлган документтер эки өлкө ортосунда ар кандай тармактарда кызматташууга багытталган:
- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын биргелешкен билдирүүсү;
- КРдин Министрлер кабинети менен Армения Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын сапарлары жана жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы 2027–2029-жылдарга кызматташуу жөнүндө жол картасы;
- КРдин Агартуу министрлиги менен Армениянын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- КРдин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Армениянын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- КРдин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Армениянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- КРдин Социалдык фонду менен Армениянын Эмгек жана бакубаттуулук министрлигинин ортосундагы пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- КРдин Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен Армениянын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- КРдин Улуттук илимдер академиясы менен Армениянын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Бишкек шаары менен Ереван шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу.
Эске салсак, 15-17-октябрь күндөрү Садыр Жапаров Арменияга алгачкы расмий сапарын жасады. Анын алкагында өлкө башчы БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитине катышты. Ошондой эле Армениянын президенти Ваагн Хачатурян жана премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат