Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?

Футбол Кыргызстандагы эң популярдуу жана көп талкууланган спорт түрлөрүнүн бири бойдон калууда. Күйөрмандар улуттук кураманын матчтары тууралуу талашып, анын жыйынтыктарын социалдык тармактарда кызуу талкуулашат. Reporter.kg редакциясы улуттук кураманын трансфердик рыноктогу баасы канча экенин билүүнү чечти.
Transfermarkt.world порталынын маалыматы боюнча, улуттук кураманын 25 оюнчусунун жалпы баасы 7,675 млн еврону түзөт. Бирок бул жалпы сумманын артында ар кандай көрсөткүчтөр бар: айрым оюнчулар 600 миң еврого бааланса, башкаларынын баасы 125 миң евро. Келгиле, команданын кайсы бөлүгү кымбатыраак экенин жана ар бир позицияда ким лидер болуп саналарын карап көрөлү.
Дарбазачылар — 850 миң евро
Улуттук кураманын эң кымбат дарбазачысы — «Алга» клубунун оюнчусу Эржан Токотаев. Анын баасы 450 миң евро. Дарбазачы 26 жашта. Ал улуттук кураманын курамында 26 матч өткөрүп, алардын алтоосунда дарбазасына бир да гол өткөргөн эмес.
«Бишкек Сити» клубунан Артем Прядкин (25 жашта) жана Марсель Исламкулов (32 жашта) 200 миң евродон бааланат.
Коргоочулар — 2,325 млн евро
Эң кымбат коргоочу — Индонезиянын «Персита Тангеранг» клубунда ойногон 32 жаштагы Тамирлан Козубаев. Анын баасы 450 миң евро. Ал улуттук кураманын курамында 58 матч өткөрүп, эки гол киргизген.
Учурдагы кураманын оюнчуларынын арасында улуттук команда үчүн эң көп матч өткөргөн футболчу — «Барс» клубунун өкүлү Кайрат Жыргалбек уулу. Анын эсебинде 74 матч жана төрт гол бар. Ал 33 жашта, трансфердик баасы 375 миң евро.
«Азия» клубунун 23 жаштагы оюнчусу Християн Браузман 350 миң еврого бааланат. Ал улуттук кураманын курамында 24 матч өткөрүп, бир гол киргизген. «Барс» клубунун 34 жаштагы оюнчусу Валерий Кичиндин баасы 325 миң евро. Ал 47 матчта ойноп, беш гол киргизген.
Дагы үч коргоочунун баасы 275 миң евродон. «Дордой» клубунун 29 жаштагы оюнчусу Александр Мищенко улуттук кураманын курамында 21 матч өткөргөн. «Өзгөн» клубунун 26 жаштагы оюнчусу Амантур Шамурзаев сегиз матчка катышкан. Ал эми «Барс» клубунун 23 жаштагы оюнчусу Саид Дациев улуттук кураманын курамында бир матч өткөргөн.
Жарым коргоочулар — 3,25 млн евро
Бул — команданын эң кымбат бөлүгү. Аны Беларусь өлкөсүнүн «Динамо Минск» клубунда ойногон 26 жаштагы Гүлжигит Алыкулов жетектейт. Анын баасы 550 миң евро. Ал улуттук кураманын курамында 36 матч өткөрүп, беш гол киргизген.
Хорватиянын Загреб шаарындагы «Локомотива» клубунун 25 жаштагы оюнчусу Эрбол Атабаев 500 миң еврого бааланат. Анын улуттук кураманын курамында 14 матчы бар. «Азия» клубунун 28 жаштагы оюнчусу Атай Жумашевдин баасы 400 миң евро. Ал жети матч өткөргөн.
Үч оюнчунун баасы 300 миң евродон. «Мурас Юнайтед» клубунун 27 жаштагы оюнчусу Алимардон Шүкүров 31 матч өткөрүп, беш гол киргизген. Россиянын «Ленинградец» клубунда ойногон 25 жаштагы Элдияр Зарыпбековдун эсебинде алты матч жана бир гол бар. Кураманын эң жаш оюнчусу — Латвиянын «Лиепая» клубунда ойногон 21 жаштагы Бекназ Алмазбеков. Ал улуттук команда үчүн 12 матч өткөргөн.
«Барс» клубунун 32 жаштагы оюнчусу Магамед Узденов 225 миң еврого бааланат. Ал төрт матчка катышкан. Вьетнамдын «Тханьхоа» клубунда ойногон Одилжон Абдурахманов менен «Алга» клубунун оюнчусу Эрмек Кенжебаевдин баасы 200 миң евродон. 30 жаштагы Абдурахманов 42 матч өткөрүп, эки гол киргизген. Ал эми 23 жаштагы Кенжебаев үч матчка катышкан.
Улуттук кураманын эң улуу оюнчусу — «Алга» клубунун 34 жаштагы өкүлү Муролимжон Ахмедов. Анын баасы 150 миң евро. Ал улуттук кураманын курамында 21 матч өткөргөн. «Азия» клубунун 28 жаштагы оюнчусу Бектур Амангелдиев 125 миң еврого бааланат.
Чабуулчулар — 1,25 млн евро
Өзбекстандын «Навбахор» клубунда ойногон Жоэл Кожо — улуттук кураманын эң кымбат оюнчусу. Анын баасы 600 миң евро. Ал 28 жашта. Улуттук кураманын курамында 17 матч өткөрүп, жети гол киргизген.
Кыргызстан курамасынын трансфердик наркы
Курама канча турат
Ар бир оюнчунун трансфердик наркы, миң евро. Курам наркы боюнча иргелген.
Булагы: Transfermarkt.world. Кыргызстан курама командасынын оюнчуларынын трансфердик наркы
«Алга» клубунун 28 жаштагы оюнчусу Кай Мерк 300 миң еврого бааланат. Анын эсебинде 16 матч жана эки гол бар. «Дордой» клубунун 28 жаштагы оюнчусу Эрнист Батыркановдун баасы 225 миң евро. Ал 37 матч өткөрүп, эки гол киргизген. Ал эми «Кыргызалтын» клубунун 22 жаштагы оюнчусу Нурбол Бактыбеков улуттук кураманын курамында бир матч өткөргөн. Анын баасы 125 миң евро.