Эксклюзив

«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралуу

15.10.2026 | 11:48
«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралуу — Новости Кыргызстана

Эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролдордун бирин аткарып, кинодогу дебютун жасады.

14-октябрда Бишкекте өткөн «Айтматов» тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө спортчу Reporter.kg басылмасына киного тартылуу боюнча эски кыялы, тартуу иштеринин түйшүгү жана чоң спортко кайтып келиши мүмкүндүгү тууралуу айтып берди.

— Жакында эле кинодо өзүңүздү сынап көргөнүңүз белгилүү болду. Экрандын аркы бетинде болуу кандай экен? Тартуу иштери канчалык татаал болду?

— Ооба, жаңылыктарда айтылгандай, мени тасмадагы каармандардын бирин ойноого чакырышты. Чынын айтсам, бул мен үчүн чоң тажрыйба болду.

Мен биздин артисттерге, актёрлорго чын жүрөктөн суктанам, алардын кандай иштегенине жана өз ишине канчалык күч жумшаганына таң калам. Бул эбегейсиз чоң эмгек. Экрандан биз кооз көрүнүштү гана көрөбүз, бирок анын артында канчалаган мээнет жатканын элестете да албайбыз.

Менимче, киного тартылганга караганда машыгуу өткөрүү алда канча жеңилирээк болмок. Мен мындай тажрыйба үчүн абдан ыраазымын, анткени менин кичинекей кыялым орундалды. Качандыр бир кезде муну балдарыбызга сыймыктануу менен айтып берип, тасманы көрсөтө алам деп ишенем.

— Сиздин тасмада пайда болушуңуз көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Социалдык тармактарда комментарийлер арбын жазылып, көрүүчүлөр сиздин экранга чыгышыңызды кызыгуу менен күтүп жатышат. Бул кадамга өзүңүз кантип бел байладыңыз?

— Чындыгында, бул мен үчүн да күтүүсүз болду. Бала кезимден бери киного тартылсам деген кыялым бар эле, бирок аны ички дүйнөмдө терең катып жүрчүмүн.

Бир күнү курбубуз Мээрим Төлөпберген мага роль сунуштап калды. Ал: «Ушундай идея болуп жатат, сени чакыргыбыз келет», — деди. Чынын айтсам, мен көп ойлонгон да жокмун. Ичимде катылган кыялымды орундатайын деп чечтим.

Андан тышкары, аскердик форманы кийип көргүм аябай келчү! Аны кийип, өзүмө кандай сонун жарашканын көргөндө аябай сүйүндүм.

Албетте, ар кандай пикирлер болду, бирок мен бул жашоодо баарын көрүш керек деп эсептейм. Бизди бала кезибизден ушундай тарбиялашкан, бул үчүн ата-энеме абдан ыраазымын.

Кыялдар чындап эле орундалат экен. Ким ойлоптур, мен дагы бир күнү киного тартылып калат деп!

Жана дагы бир жолу белгилеп кетким келет, бул абдан оор эмгек экен. Жеке мен үчүн машыгуу алда канча жеңил сезилди. Ошондуктан биздин актёрлорго жана бүтүндөй кыргыз киносуна ийгилик каалайм. 

Биздин тасмалар эл аралык деңгээлге чыгып, бүт дүйнөгө тарасын, ал эми ата мекендик кино өнүгүп-өссүн!

— Көптөгөн күйөрмандар сиздин чоң спортко кайтып келер-келбесиңизге кызыгып жатышат. Сиздин килем үстүнө кайтып келишиңизди жана олимпиада алтынын күтсөк болобу?

— Менимче, мага ишенген жана менин кайтып келишимди күткөн адамдарга биз сөзсүз кабар беребиз.

Эльвира Сатыбекова

Анара Мамытова

Scroll to Top