«Өзүңүздү Ташиев сезип алдыңызбы?» — Сурабалдиева вице-мэрди катуу сынга алды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев менен кайым айтышты. Буга муниципалдык мүлктү башкаруу, жердин ижара акысын көтөрүү жана шаар бийлигинин ишкерлерге болгон мамилеси боюнча маселелер себеп болду.
Сурабалдиева борбор калаанын муниципалдык жерлерине жана мүлкүнө толук инвентаризация жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө, ошондой эле шаар тургундары объекттердин тизмеси, аларды ижарага берүү шарттары жана шаардык бюджетке түшкөн каражаттар тууралуу маалымат менен каяктан тааныша аларына кызыкты.
Депутаттын айтымында, мэриянын азыркы жетекчилиги келгенден кийин муниципалдык мүлк тууралуу маалымат дээрлик жабык болуп калган.
Буга жооп катары Алиев жер тилкелерин ижарага берүү жана өткөрүлүп жаткан аукциондор тууралуу маалыматтар күн сайын мэриянын сайтында жарыяланып турарын айтты. Зарыл болгон учурда жарандар Муниципалдык мүлк башкармалыгынан кошумча маалымат ала алышат.
Бирок Сурабалдиева мындай жоопко макул болбой, өзү мэрияга бир нече ирет суроо-талап жөнөткөнүн, бирок керектүү маалыматтарды ала албаганын билдирди.
«Сиздер парламентти кошкондо бүтүндөй кыргызстандыктарды адаштырып жатасыздар. Мен мэрияга көп жолу кат жөнөттүм, сиздер болсо кандайдыр бир жашыруундуулукка шылтайсыздар. Эгер депутаттар үчүн маалымат жеткиликсиз болсо, анда жөнөкөй шаардыктар жөнүндө эмнени айтууга болот?» — деп нааразы болду ал.
Депутат ошондой эле муниципалдык жерлер үчүн ижара акысынын көтөрүлүшүн да сынга алды. Ал мындай чечимдердин иштеп жаткан ишканалар үчүн кесепеттерине баа берилген-берилбегенин жана мэрия буга чейин түзүлгөн келишимдер менен күчүнө кирген сот чечимдерин кантип эске алып жатканын түшүндүрүүнү талап кылды.
Сурабалдиеванын пикиринде, шаар бийлигинин аракеттери ишкерлер үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратып, борбор калаанын тургундарынын нааразычылыгын туудурууда.
«Сиздер Бишкекте президентти өтө катуу уят кылдыңыздар. Менимче, бишкектиктердин нааразычылыгы дал сиздердин дарегиңиздерге айтылууда. Муну кантип оңдойсуз?» — деп депутат вице-мэрге кайрылды.
Ал ошондой эле курулуш министри Нурдан Орунтаев кетирилген каталар үчүн эл алдында кечирим сураганын эске салып, мэриянын жетекчилигин да андан үлгү алууга чакырды.
«Сиздердин тараптан Бишкек шаарынын жарандарына карата чектен чыккан орой мамиле байкалууда. Бирок эч кимиңиздер кечирим сурабайсыздар. Эми кечирим суроо кезеги сиздерде деп ойлойм», — деди Сурабалдиева.
Алиев буга жооп кылып, жыйынды укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да көрүшү мүмкүн экенин жана алар айтылган айыптоолорго баа берүүгө укуктуу экенин белгиледи. Анын айтымында, мыйзам бузуу фактылары тастыкталса, мэрия жоопкерчилик тартууга жана керектүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр.
Ошону менен бирге вице-мэр Сурабалдиевага таандык болгон «Кудайберген» базарын эске салып, мэрия бул объект боюнча маалыматты өзүнчө берүүгө даяр экенин айтты.
Мындай жооп депутаттын кескин нааразычылыгын жаратты.
«Рамиз Гюльогланович, сиз өзүңүздү Ташиев (УКМКнын экс-төрагасы — ред. эскертүүсү) сезип алдыңызбы? Сиз өзүңүздү киммин деп жатасыз? Эмнеге баарын жеке деңгээлге өткөрүп жатасыз?» — деди ал.
Андан кийин Сурабалдиева шаар бийлигинин акыркы беш жылдагы ишине бир катар дооматтарын айтты. Атап айтканда, ал бир жылдан кийин эч кимге кереги жок болуп калган таштанды челектерин сатып алууга кеткен бюджеттик каражаттардын сарпталышы боюнча маселени көтөрдү.
Депутат шаардык бюджетке канча зыян келтирилгенин жана эмне үчүн укук коргоо органдары мындай чечимдерге баа бербей жатканын тактоону талап кылды.
Ал ошондой эле күркөлөрдүн (киосктордун) ээлерине жана чакан бизнес өкүлдөрүнө карата мэриянын мамилесин сындап, алардын иштөө шарттары бир тараптуу каралып жатканын билдирди.
Мындан тышкары, Сурабалдиева айрым шаардык аткаминерлердин мүлкүнүн (капиталынын) кайдан чыкканы тууралуу маселе көтөрүп, укук коргоо органдарын ал айткан маалыматтарды текшерүүгө чакырды.
«Мэрдин орун басарлары камалып кетип жатат да, сиз эле отурасыз. Сиз… кантип байып жатасыңар…» — деди депутат Алиевге кайрылып.
Ал ошондой эле вице-мэрдин коммерциялык иштерге, анын ичинде супермаркеттерди курууга жана ачууга тиешеси болушу мүмкүн деген божомолду айтты.
Сурабалдиева башында жеке Алиевге эмес, жалпы эле мэриянын ишине тиешелүү суроолорду бергенин баса белгиледи. Анын пикиринде, борбор калаа бийлигинин кабыл алган чечимдеринин кесепети жарандардын президент Садыр Жапаровго болгон көз карашына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
«Акыркы беш жылда бизнеске кылганыңыздар али алдыдан чыгат. Бирок, тилекке каршы, бул сокку сиздерге эмес, азыр аймактарды кыдырып, эл менен маселелерди талкуулап жүргөн адамга тиет», — деди ал.
Сөзүнүн аягында депутат мэриянын жетекчилигин жарандар үчүн жеткиликсиздиги жана алардын кайрылууларына үстүртөн мамиле кылгандыгы үчүн айыптады.
«Сиздердин кабыл алууңуздарга киргенге караганда ички иштер министрине же УКМКга барган оңой. Мен канчалаган адамдарды жөнөтпөйүн, баары эле курулай жооп (отписка) алышат», — деп билдирди Сурабалдиева.
Анара Мамытова