Дагы эки ай тергөө абагында отурат. Матраимов камакта калтырылды

25.06.2024 | 11:30

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Матраимовдун бөгөт чарасы 24-июнда каралган. УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен ал 26-августка чейин камакта калтырылган.

Эскерте кетсек, быйыл жыл башында Райымбек Матраимов издөөгө алынганы белгилүү болгон. Кийинчерээк ал УКМК тарабынан 26-мартта Азербайжандан Бишкекке алынып келген.

УКМК Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча шектелип жатканы кабарлаган.

Бирок кийинчерээк 222-берене алынып, анын ордуна 378-берене (чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) кошулганы белгилүү болду.

2021-жылы ал “коррупция” беренеси менен соттолгон.

Scroll to Top