Пакистандын ТИМи АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимге кол коюла турган күндү билдирди

Америка Кошмо Штаттары жана Иран Ислам Республикасы макулдашууга ушул жекшемби күнү эле кол коюуну көздөп жатышат. Бул тууралуу Пакистандын жана Саудия Аравиясынын тышкы иштер министрлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнө таянуу менен Пакистандын ТИМи билдирди.
«Алар АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр акыркы этабында турганын жана электрондук макулдашууга кол коюу аземи эртеңкиге пландалганын кубатташты», — деп айтылат Пакистандын тышкы саясий ведомствосунун социалдык тармактагы расмий баракчасында.
Ирандын тышкы саясий ведомствосу меморандумга жакынкы күндөрү кол коюлушу мүмкүн экенин четке каккан жок, бирок бул «эртең эмес» болорун белгилешти.
Ошол эле учурда Тегеран менен Вашингтондун ортосунда ортомчу катары чыгып жаткан Пакистан тарап кол коюу акыркы текст иштелип чыккандан кийин дароо болорун, бул бир сутканын ичинде ишке ашышы мүмкүн экенин билдирүүдө.
Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумда кеме жүрүү, өлкөнү калыбына келтирүү жана экономикалык өнүктүрүү маселелерине, ирандык активдерди бөгөттөн чыгарууга, ошондой эле Ислам Республикасына компенсация төлөп берүүнүн экономикалык планына байланыштуу жоболор камтылганын билдирди.
Акыркы макулдашууда өзөктүк программа жана санкцияларды алып салуу маселеси чечилет. Мында Тегеран жогорку деңгээлде байытылган уранды өз аймагында суюлтууну талап кылууда.
Ирандык ЖМКлар 14 пункттан турган планды жарыялашты, бирок Трамп аны чындыкка коошпойт деп атады. Тактап айтканда, бул планга деңиз блокадасын алуу жана Ормуз кысыгын ачуу, ошондой эле санкцияларды жоюу жана Ирандын өзөктүк курал жасоодон баш тартуусу тууралуу жоболор кирген.