Кара-Көл шаарынын мэринин кызматтан алынуу себеби белгилүү болду — толук маалымат

Кара-Көл шаарынын мэри Эдилбек Тажимырзаевдин кызматтан алынуу себеби белгилүү болду. Аны КР Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал социалдык тармактагы расмий баракчасында калаа башчысы «президенттин жарлыгын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн» ээлеген кызматынан бошотулганын жазды.
Орунбеков буга чейин социалдык тармактарда «Энергетик» маданият үйүнүн кызматкери айлык маянасы боюнча видео кайрылуу жасаганын эске салды. Анда апрель айы үчүн маяна 100 пайызга көбөйтүлүп берилгени, бирок май айында мурдагыдай эле аз өлчөмдө төлөнгөнү айтылган.
«Текшерүүнүн жыйынтыгында Кара-Көл шаарынын мэриясы кошумча каражатка болгон муктаждык боюнча Финансы министрлигине туура эмес эсептерди жөнөткөнү аныкталды. Ошондой эле май айындагы каржылоо эски эсептер менен жүргүзүлгөндүктөн, кызматкерлерге айлык акы президенттин жарлыгында каралган жогорулатуусуз төлөнүп калган», — деп айтылат маалыматта.
Учурда «Энергетик» маданият үйү толук көлөмдө кошумча каржыланып, бардык кызматкерлердин маянасы кайра эсептелип чыкканы жана жетпей калган каражаттар толугу менен төлөнүп берилгени такталды.
Президенттин администрациясынан президенттин жарлыктары бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары тарабынан сөзсүз түрдө аткарылышы керектигин эскертишти.
Эдилбек Тажимырзаев ушул жылдын 31-мартында Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалган. КР Президентинин 19-июндагы тескемеси менен бул кызматка Азамат Турдубеков дайындалды.