Бишкекте улгайган адамдарды алдап жүргөн деген шек менен 22 жаштагы жигит кармалды

17.06.2026 | 16:35
Бишкекте улгайган адамдарды алдап жүргөн деген шек менен 22 жаштагы жигит кармалды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында 22 жаштагы жигит улгайган адамдарга жардам берүү шылтоосу менен, алардын банктык карталарын алмаштырып, акчасын уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 72 жаштагы эркек киши арыз менен кайрылып, Жаш Гвардия проспектисиндеги банкоматтардын биринин жанынан белгисиз жаран жардам берүү шылтоосу менен анын банктык картасын башка картага алмаштырып кеткенин билдирген. Андан кийин шектүү жабырлануучунун эсебинен 13 миң сом чыгарып алган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 20 жаштагы А.И. аныкталып, кармалган.

Иликтөө учурунда кармалган жарандын Бишкек шаарында ушул сыяктуу дагы бир нече кылмышка тиешеси бар экени белгилүү болгон. Ал дагы эки жабырлануучунун 30 миң жана 20 миң сомун ушундай жол менен алып алган. Милиция шектүү негизинен кары-картаңдарды тандап, ишенимине кирүү менен карталарын алмаштырып жүргөнү аныкталганын билдирди.

Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга, банктык карталарын жана PIN-коддорун чоочун адамдарга бербөөгө чакырды. Учурда жогорудагы кылмыш боюнча тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top