КР Саламаттыкты сактоо министрлиги инсульттан кийинки реабилитациялоонун үзгүлтүксүз системасын киргизет

Кыргызстанда инсультту, нейрохирургиялык операцияларды жана оор неврологиялык ооруларды башынан өткөргөн бейтаптар үчүн үзгүлтүксүз медициналык реабилитациянын жаңы системасы ишке киргизилет. Долбоор бейтаптарды түз багыттоону карайт: Улуттук госпиталда курч мүнөздөгү дарылоо мезгили аяктагандан кийин, алар Курортология илим-изилдөө институтуна калыбына келтирүүчү терапияга жөнөтүлөт. Базанын даярдыгын текшерүүнү 17-июнда Саламаттыкты сактоо министридин орун басары Бакытбек Кадыралиев баштаган жумушчу топ жүргүздү.
Көчмө кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн алдыңкы неврологдору, нейрохирургдары жана реабилитологдору тармактык бөлүмдөрдү, атайын бассейндерди жана калыбына келтирүүчү дарылоо залдарын кыдырып чыгып, институттун техникалык жабдылышын баалашты. Стационардан курортологиялык этапка которуу процесси катаал клиникалык протоколдорго ылайык келиши үчүн, мекеменин адистери бейтаптарды тандоо критерийлерин деталдуу иштеп чыгууга жана алардын реабилитациялык дараметин (потенциалын) баалоого киришти.
Медициналык эксперттер өз убагында башталган калыбына келтирүүчү дарылоо нерв системасы үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин, бул майыптуулуктун пайызын кыйла азайтууга жана жарандарды толук кандуу жашоого кайтарууга жардам берерин баса белгилешет. Саламаттыкты сактоо министрлиги кризистен кийинки жогорку технологиялык терапияны республиканын бардык аймактарындагы калк үчүн жеткиликтүү кылып, реабилитациялык кызматты модернизациялоо боюнча ишти улантат.