Депутат Алтыбаева: Биз деген мамлекетбиз. Каттоо кызматы качан иретке келет?

Депутат Алтыбаева: Биз деген мамлекетбиз. Каттоо кызматы качан иретке келет?

Кыргызстанда автоунаа ээлери жарым жылдан бери убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүрүшөт. Ал күбөлүктөр менен чет мамлекетке чыга алышпайт. Мамлекеттик каттоо кызматы качан иретке келет? Мурдагы жетекчиге эле шылтап коюп жүрө бересиңерби? Мындай нааразычылыгын бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Алтыбаева Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовдун жооп берүүсүн талап кылды.

«Эмне үчүн бардык иш өз убагында аткарылбайт. Бул ишке бирөө жоопкерчилик алышы керек да же эми ишке аша баштады деп отура беребизби? Биз деген мамлекетбиз», — дейт эл өкүлү.

Абытов мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова боюнча кызматтык тергөө жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстанда баасы арзан болуп чыгарыла баштаганын маалымдады.

Жыйында  “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>