Садыр Жапаров Анкарада Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

30.10.2026 | 09:25
Садыр Жапаров Анкарада Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29-октябрда Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитинин жүрүшүндө Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты ага Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды.

Жапаровду сыйлоо чечимин ТМУга мүчө мамлекеттердин — Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары кабыл алышты. Сыйлоо аземи Түркиянын Президенттик сарайында өттү.

Садыр Жапаров Анкарада Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды — иллюстрация
Садыр Жапаров түрк мамлекеттеринин лидерлерине жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, ал бул сыйлыкты жеке эмгегин таануу катары гана эмес, түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кыргыз элинин кошкон салымын баалоо катары кабыл алат.

«Бизди жалпы көп кылымдык тарыхыбыз, бирдиктүү руханий баалуулуктарыбыз, тил жана маданиятыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Бул биздин баа жеткис мурасыбыз жана биримдигибиз менен ынтымагыбыздын бекем пайдубалы», — деп белгиледи президент.

Жапаров бул орден түрк дүйнөсүнүн келечегине болгон жалпы ишенимди чагылдырарын баса белгиледи. Ал ошондой эле элдердин ортосундагы бир туугандык мамилелерди сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ТМУ өлкөлөрүнө тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Scroll to Top