“Дордой” баштаган 4 базарда суукта жылыткыч колдонгусу келген соодагерлерден акча чогултулган

“Дордой” баштаган 4 базарда суукта жылыткыч колдонгусу келген соодагерлерден акча чогултулган

“Дордой”, “Ак-Суу”, “Алкан” жана “Кербен” базарларынын жетекчилиги соодагерлерге суукта жылыткычты “уруксатсыз” колдонууга тыюу салып, уруксат берүү үчүн акча алышкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган базарлардагы жооптуу адамдар соодагерлерге кыш мезгилинде жылыткыч колдонууга уруксат берүү үчүн 100дөн 300 долларга чейин акча чогултушкан. Ал эми “уруксатсыз” жылыткыч пайдалангандарга айыппул салып, жылыткычтарды жана кондиционерлерди колдонууга тыюу салган. Администрациядан “уруксат” алынгандан кийин гана аларга электр жабдыктарды колдонууга уруксат берилген.

Аталган фактыга байланыштуу базарлардын жетекчилери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында алар жылыткыч пайдаланган соодагерлерден акча чогултууну токтотууну, соодагерлерге ыңгайлуу шарттарды тузүүнү убада кылышкан. Ошондой эле базардын администрациясы акча чогулткан кызматкерлерди жумуштан четтете турган болгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: базар УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>