ЕАЭБ: Өкмөт башчылардын жыйынында кол коюлган документтер

26.08.2022 | 14:41

25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Анын жыйынтыгында Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту.

Кол коюлган документтер:  

– «Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө» буйрук;

– «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырма;

– «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге жеке жактар тарабынан сатылуучу товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуунун тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору тууралуу» маселе боюнча тапшырма;

– «Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырмалар;

– «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө» буйрук;

– «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын өз ара сооданын алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда колдонууну кеңейтүү боюнча мындан аркы иштер жөнүндө» буйрук;

– «Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук;

– «Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» Жарлык;

– «Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук.

[image_carousel source=”media: 151220,151219,151218,151217,151216″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top