Депутат МИК курган үйлөрдөн дарыгерлерге жай бөлүп берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Баатырова медициналык мекемелердеги бейтаптардын узак кезек күтүү маселесин көтөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн биринчи кабаттарынан үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна жай бөлүп берүүнү сунуштады.
Анын айтымында, учурда экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги ооруканаларга, айрыкча улуттук борборлорго жүк өтө көбөйүп кеткен. Натыйжада бул мекемелер биринчи деңгээлдеги медициналык кызматтарды да аткарууга мажбур болуп жатышат.
«Бүгүнкү күндө биздин экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги ооруканалар, айрыкча улуттук борборлор, биринчи деңгээлдеги медициналык мекемелердин функциясын аткарып калышты», — деди депутат.
Баатырова белгилегендей, калктын саны өсүп жатканына карабастан, медициналык мекемелердин инфраструктурасы дээрлик 30 жыл мурдагы деңгээлде калууда. Ошол эле учурда быйыл 32 жаңы медициналык мекеме курулары күтүлүүдө.
Депутаттын сунушуна ылайык, МИК тарабынан курулуп жаткан турак жайлардын биринчи кабаттарында 5–6 бөлмөдөн турган үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жайгашуусу керек.
«Жаңы конуштарда жашаган жарандар ошол эле жерде жайгашкан дарыгерлерге кайрылып, справка алып, текшерүүдөн өтүп, балдарын көрсөтө алышат. Бул башка ооруканаларга болгон жүктү азайтат», — деди ал.
Ал кесиптештерин бул демилгени колдоого чакырды.