Бишкекте тазалоочу курулмалар модернизацияланып, биогумус алуу пландалуудаКыргыз режиссеру Артыкпай Сүйүндүков АКШда «Ак илбирс» сыйлыгына татыдыТатьяна Кимдин Wildberries’тен кетиши: компаниядан эмне деп билдириштиБугу Эне тууралуу уламыш «Аалам сулуусу» сынагынын сахнасында жандандыБишкекте олимпиадалык стандарттагы бассейни бар спорт комплекси курулууда — сүрөтКыргызстанда 200 млн сом салынган компания жоюлат — Бекешев
УКМК: Чолпон-Атада курал-жарак катылган жай табылды
10.06.2026 | 12:39

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чолпон-Ата шаарынын четинде курал-жарак катылган жайды аныктады. Атайын кызматтын маалыматында, жашыруун жай мурда маркум кримтөбөл К. Асанбекке (Камчы Көлбаевге) таандык болгон объектинин жанында жайгашкан.
Тинтүү учурунда жашыруун жайдан 4 кесилген мылтык (обрез), 1 согуштук револьвер, беткаптар жана башка куралдар табылган.
УКМК бул жайды К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кылмыш жасоо максатында колдонуп келишкенин билдирди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылып жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: УКМК, Чолпон-Ата