Бишкек мэриясындагы кадрдык алмашуулар: Эки вице-мэр кызматтан бошотулду


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын муниципалитетинин жетекчилигиндеги масштабдуу кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тескемелерге кол койду. Башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу вице-мэрлер Виктория Мозгачева жана Азамат Кадыров ээлеген кызматтарынан бошотулушту.
Босогон орундарга жаңы жетекчилер дайындалды. Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Рахат Мусаева дайындалды, ал эми Билим берүү департаментин Жаныбек Орозалиев жетектемей болду. Жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча вице-мэрдин милдетин убактылуу аткаруучулук кызматка Муратбек Атай келди.
Мындан тышкары, калаа башчысы Биринчи Май жана Ленин райондорунун акимдеридин орун басарлары — Чынара Жаныкеева менен Бактыгүл Исмаиловага карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Териштирүү иштери жүрүп жаткан маалда эки чиновник тең өз милдеттерин аткаруудан расмий түрдө убактылуу четтетилди. Кийинки кадрдык чечимдер тууралуу маалыматты мэрия кошумча кабарлайт.