Электр энергияга жаңы тариф бекиди

Электр энергияга жаңы тариф бекиди

2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев билдирди.

“Күз-кыш жылытуу мезгилинде оор кырдаал болгонуна карабастан, электрге болгон бааны көтөргөн жокпуз ”- деди Аалиев.

Бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашаган калк үчүн 700 киловаттык чек алып салынган. Эми алар 77 тыйындык тариф менен гана пайдаланышат. Бирок, 2022-жылдын июнь айынан тарта тариф болжол менен 7-10 пайызга жогорулай турганы маалым болду.

“Биз жарандарыбызды тынчтандыргыбыз келди. Жылуулукка жана ысык сууга да тариф өзгөргөн жок. Гкал жылуулук үчүн 1 миң 134 сом, ысык суу 981 сом ”-деди Аалиев.

Ага ылайык, 2021-жылы тарифтер мурдагы бойдон калат дагы 2022-жылдын июнь айынан тарта кымбаттайт. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Кабыл алынган орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, айрымдар электр энергиясы үчүн жогорулатылган баада акы төлөп калат.

Бул категорияга киргендердин тизмеси:
• насостук станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон төлөйт. Мында баа 31,6 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);
• бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 2,52 сомдон төлөйт. Мында баа 28 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);
• жогорулатуучу коэффициенттерди колдонгон коммерциялык түзүмдөрдүн энергия сыйымдуу керектөөчүлөрү (майнинг субъектилери, алтын өндүрүүчү компаниялар, куюу цехтери, алкоголдук өндүрүш, цемент заводдору).

Кийинки жылдары тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашырыла турганы белгиленди. Алынган каражаттар жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>