2-октябрда өлкө аймагында жаан карга айланат

2-октябрда өлкө аймагында жаан карга айланат

Эртең, 2-октябрда Кыргызстандын бардык аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

1-4-октябрларында аба ырайы туруксуз болот. Мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +5 … +10;

Талас облусунда түнкүсүн 0  … +5, күндүз +4 … +9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7 … +12, күндүз +12… +17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +7 … +12;

Нарын облусунда түнкүсүн +1 … +6, күндүз +7 … +12 градус жылуу болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +3…+5, күндүзгү жогорку температурасы +8…+10 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>