Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
“Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси алмашты
02.02.2021 | 10:20
“Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси Жолдошбек Ачикеев кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Электр станциялар” ишканасынын генералдык директору Ачикеев Жолдошбек Ишенбаевич өз арызы менен 1-февралда иштен кеткен. Компаниянын директорлор кеңеши тиешелүү чечимди кабыл алган.
Ушул эле күнү Бектенов Таалайбек Эркинбекович генералдык директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Жолдошбек Ачикеев 2020-жылдын 27-февралынан бери “Электр станциялар” ишканасынын генералдык директору болуп иштеп келе жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат