Үй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайы
Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Орусияда өтүп жаткан «Вызов» мелдешине катышууда
25.08.2026 | 13:09

Кыргызстандын «Бөрү» атайын багыттагы отряды Орусиянын Екатеринбург шаарындагы «Свердловск» полигонунда өтүп жаткан атайын бөлүктөрдүн эл аралык «Вызов» мелдешине катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Сынак 24-августта башталган. Быйылкы жетинчи ирет өткөрүлүп жаткан мелдешке Кыргызстан, Орусия, Беларусь, Казакстан, Индия жана Сербия сыяктуу алты өлкөдөн 37 команда катышууда.
Мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык жоокерлер барымтадагыларды бошотуу боюнча көнүгүүнү аткарышкан. Мелдештин программасы төмөнкү тапшырмаларды камтыйт:
- барымтадагыларды бошотуу жана кармоо;
- тоскоолдуктар тилкесинен өтүү;
- эвакуациялоо жана буктурма уюштуруу;
- объектке чабуул жасоо жана дуэль.
Мелдештин максаты — атайын бөлүктөрдүн кесиптик даярдыгын, физикалык чыдамкайлыгын жана татаал шарттарда биргелешип иштөө жөндөмүн текшерүү. Сынак 30-августка чейин уланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Куралдуу күчтөр, Орусия