UmutDoc арт-директору: «Фестиваль – бул жөн гана экран эмес. Бул экрандын тегерегиндеги адамдар»

26.08.2026 | 16:42
Арт-директор UmutDoc: «Фестиваль – это не только экран. Это люди вокруг экрана» — Новости Кыргызстана

Кыргызстандагы даректүү кино тартуучулар каржы маселесине гана эмес, кесиптик чөйрөгө жана көрүүчү менен эркин жолугуша турган аянтчаларга да муктаж. Даректүү тасмага болгон кызыгууну кантип ойготуу керек, эмне үчүн чоң социалдык темалардын артында дайыма конкреттүү адам турары жана UmutDoc фестивалы келечекте кандай деңгээлге жетиши мүмкүн экендиги тууралуу эл аралык фестивалдын арт-директору Гүлмира Керимова айтып берди.

Гүлмира айым, Кыргызстандагы даректүү кинонун абалы тууралуу сөз кылсак, бүгүнкү күндө авторлор кандай негизги кыйынчылыктарга туш болууда? Тасма жаратуу жана аны көрүүчүгө жеткирүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр жетишпей жатат?

— Башкы маселелердин бири — каржылоо. Даректүү кино убакытты талап кылат: теманы жана келечектеги фильмдин каарманын табуу, анын ишенимине кирүү, изилдөө жүргүзүү, кээде адамды же болуп жаткан окуяны узак убакыт бою байкоо зарыл. Учурда даректүү фильмдерди тартууга мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, ал жыл сайын көбөйүүдө. Айрым продюсерлер менен режиссёрлор ар кандай чет элдик фонддордон гранттарды жана колдоолорду алып жатышат. Бул бизди кубандырат, анткени даяр болгон фильмдерге эл аралык аянтчаларга жана калың көрүүчүлөр аудиториясына жол ачылат.

Муну менен катар кесиптик чөйрөнүн болушу да абдан маанилүү. Автор өз идеяларын талкуулап, кайтарым байланыш алып, тажрыйбалуу режиссёрлор, продюсерлер жана монтажёрлор менен чогуу иштешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Бизге даяр фильмдерди көрсөтүү үчүн гана эмес, долбоорлорду түптөлүү баскычында эле талкуулай турган аянтчалар зарыл.

Тилекке каршы, Кыргызстанда көрүүчүлөр даректүү тасмаларды сыналгыдан жана кинофестивалдардан гана көрө алышат. Ошондуктан фестивалдар, көрсөтүүлөр жана авторлор менен болгон жолугушуулар чоң роль ойнойт.

Фестивалдар көрүүчү үчүн даректүү кинону көрүүнүн сейрек мүмкүнчүлүктөрүнүн бири экенин белгилеп өттүңүз. Ал эми заманбап даректүү кино адамга эмне бере алат?

— Биз өтө тез өзгөргөн, динамикалуу заманда жашап жатабыз. Даректүү кадрлар окуяны гана эмес, биздин ой толгоолорубузду, болуп жаткан кубулуштарга карата көз карашыбызды да сактап калууга кудуреттүү. Көрүүчүнү бир саамга токтотуп, ойлондуруп, башка адамдын абалын сездирип, көнүмүш көйгөйгө башка ракурстан караттыруу — балким, эң башкысы ушул чыгаар.

10-сентябрда UmutDoc Эл аралык даректүү тасмалар фестивалы экинчи ирет өз эшигин ачат. Бул чоң маданий иш-чарага даярдык кандай жүрүп жатат? Быйыл фестиваль кандай форматта өтөт?

— Фестивалга даярдык салтанаттуу ачылышка бир нече ай калганда эле башталат. Бул баарынан мурда фильмдерди тандоо, продюсерлер жана режиссёрлор менен сүйлөшүүлөр, көрсөтүүлөрдүн программасын түзүү, мастер-класстарды уюштуруу, техникалык даярдык жана башка көптөгөн уюштуруу иштерин камтыйт.

Биз буга чейин жасалганды жөн гана кайталабастан, көрүүчү менен байланыштын жаңы формаларын табууга умтулабыз. Быйыл биз фестивалды диалог үчүн дагы да ачык кылабыз — тасманы көргөндөн кийин пикир алмашууга, талашып-тартышууга жана суроо берүүгө шарт түзүлөт.

Мындан тышкары, быйыл 90 жылдык мааракеси белгиленип жаткан кыргыз киносунун классиги, белгилүү кинодокументалист, Кыргыз эл артисти Альгимантас Видугиристин тасмаларынын ретроспективдүү программасын даярдадык.

Фестивалдын визуалдык образы, жасалгасы жана атмосферасы тууралуу айтып берсеңиз. Көрүүчү UmutDoc’ту кандай кабыл алат?

— Биз үчүн фестивалдын визуалдык образы анын мазмунунан бөлүнүп калбашы маанилүү. Даректүү кино реалдуу турмуш менен тыгыз байланышта, ошондуктан UmutDoc’тун визуалдык тили да заманбап, жандуу жана ашыкча жасалгасыз болушу керек.

Мен жогоруда белгилегендей, биз көрүүчү өзүн жөн гана мейман эмес, маданий диалогдун активдүү катышуучусу катары сезе турган атмосфераны түзүүгө аракет кылып жатабыз. Фестивалдын аймагы жолугушууларга, ачык баарлашууга жана пикир алмашууга үндөп турушу керек.

Фестиваль – бул жөн гана экран эмес. Бул экрандын тегерегиндеги адамдар: режиссёрлор, көрүүчүлөр, студенттер, кесипкөйлөр, чет элдик коноктор. Ал эми визуалдык чөйрө дал ушул жандуу баарлашууга көмөктөшүүгө тийиш.

Быйылкы UmutDoc’тун концепциясынын негизин кандай башкы идея түзөт? Бардык программаны эмне бириктирип турат?

— Мен фестивалдын өзөгүндө адам жана анын дүйнөгө кайдыгер эмес көз караш менен карай билүү жөндөмү турушун кааладым. Даректүү кино чоң социалдык жана тарыхый процесстер жөнүндө сөз кылышы мүмкүн, бирок алардын артында дээрлик дайыма өз тагдыры, өз көз карашы бар конкреттүү инсан турат.

Ошондуктан биз заманбап дүйнөнү ар башка адамдардын тагдыры аркылуу көрсөткөн программаны топтоого аракет кылдык. Ал окуялар ар башка өлкөлөрдө болуп, формасы жагынан таптакыр башкача болушу мүмкүн, бирок алардын ар биринде тилине жана чек арасына карабастан бардык адамзатка түшүнүктүү болгон нерселер бар: үнүн угузуу каалоосу, эс-тутумду сактоо, дүйнөдөн өз ордун табуу жана айлана-чөйрөнү жакшы жакка өзгөртүү аракети.

Сиз үчүн тасмаларды тандоодо эмне маанилүүрөөк — тема жана анын актуалдуулугубу же режиссёрдун көз карашыбы? Заманбап эмгектерден кандай жалпы тенденцияларды байкап жатасыз?

— Мен үчүн бир гана критерий жок. Албетте, тема маанилүү, бирок жалгыз гана актуалдуу тема жетишсиз. Режиссёр аны кандай көрүп, кайсы тилде баяндап берип жатканы өтө маанилүү.

Биз автордук көз карашка, драматургияга, визуалдык чечимге жана каармандар менен иштөөсүнө карайбыз. Режиссёрдун өзү тартып жаткан адамга болгон мамилеси да чечүүчү мааниге ээ.

Кээде фильм абдан чакан, жергиликтүү окуяны баяндайт, бирок ошол эле учурда башка өлкөнүн көрүүчүсүнө да жеткиликтүү жана түшүнүктүү болот. Мага дал ушундай эмгектер өзгөчө кызык.

Бүгүнкү күндө көптөгөн заманбап фильмдерден тарыхый эстутумга, өз үй-бүлөсүнүн жана элинин каада-салтына, миграция темасына, ошондой эле адамдын экологияга болгон мамилесине кызыгуу өсүп жатканын байкоого болот.

Фестиваль көрүүчүлөрдүн даректүү киного болгон кызыгуусун арттырууда жана өз аудиториясын калыптандырууда кандай роль ойношу керек?

— Фестивалдык көрсөтүүлөр — бул автор менен көрүүчүнүн ортосундагы өзгөчө көпүрө. Биз көрүүчүгө ар түрдүү фильмдерди, ар кандай автордук көз караштарды көрүүгө жана өзүнүн жеке пикирин калыптандырууга мүмкүнчүлүк бергибиз келет.

Өзгөчө жаштар менен иштөө өтө маанилүү. Эгер биз даректүү кинонун келечеги кең болушун кааласак, жаш көрүүчүлөрдү, студенттерди, жаңыдан баштап жаткан кинематографисттерди аны менен тааныштырышыбыз керек. Ошондуктан көрсөтүүлөр жолугушуулар, талкуулар жана мастер-класстар менен коштолушу зарыл.

Мен UmutDoc жыл сайын өтүүчү фестиваль гана болбостон, Кыргызстанда даректүү кинону өнүктүрүүнүн туруктуу аянтчасына айланышын каалайм.

Аны режиссёрлор менен көрүүчүлөр, жаш авторлор менен адистер, кыргызстандык жана чет элдик кинематографисттер жолугушкан мейкиндик катары көрөм. Билим берүү программаларын, мастер-класстарды, питчингдерди, жаш авторлор үчүн лабораторияларды, эл аралык байланыштарды жана биргелешкен өндүрүш (ко-продукция) долбоорлорун өнүктүргүбүз келет. Биздин максат — фестивалды жыл сайын чыдамсыздык менен күткөн өз көрүүчүлөр аудиториясын түзүү.

Даректүү кино көрүү үчүн 5 себеп

Гүлмира Керимова эмне үчүн даректүү кино көрүү керектигин айтып берди:

  1. Чыныгы жашоону көрүү үчүн
    Даректүү кино биздин жаныбызда болуп жаткан, бирок биз дайыма эле байкай бербеген көрүнүштөрдү көз алдыга тартат.
  2. Замандаш каармандардын баянын экрандан көрүү үчүн
    Кээде бир адамдын тагдыры доор тууралуу ондогон макалалардан да көбүрөөк маалымат бере алат.
  3. Жаңы нерселерди таанып-билүү үчүн
    Даректүү кино башка өлкөлөр, маданияттар, кесиптер, түрдүү көз караштар жана адам тагдырлары менен тааныштырат.
  4. Ой жүгүртүү жана сезимдеш болуу үчүн
    Фильм ойлондурат, суроолорду жаратат жана көнүмүш нерселерге башкача көз менен кароого мажбурлайт.
  5. Искусствого аралашуу үчүн
    Документалистика – бул дагы чоң искусство. Ал драмалуу, кооз, күтүүсүз, таасирдүү жана терең эмоционалдуу болушу мүмкүн.

Кинодокументалист Альгимантас Видугиристин жаркын элесине арналган II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы Бишкекте 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтөт.

Фестиваль даректүү кинолордун көрсөтүүлөрүн, авторлор менен жолугушууларды, мастер-класстарды, бет ачарларды, питчинг, шоукейс жана кесиптик талкууларды өзүнө камтыйт.

UmutDoc фестивалынын негизги аянтчалары — «Ала-Тоо» кинотеатры жана OloloErkindik. Бардык иш-чараларга кирүү акысыз.

Scroll to Top