Садыр Жапаров ӨКМ башчысына катуу сөгүш жарыялады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюлган тескемеге ылайык, тартиптик жаза министрге жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн берилген.
Чечим Кыргызстандын Конституциясынын 71-беренесине жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Тартип уставынын 74-пунктунун «б» пунктчасына ылайык кабыл алынды.
Катуу сөгүш жарыялоого негиз болгон конкреттүү мыйзам бузуулар расмий билдирүүдө такталган эмес.
Эске салсак, 9-ноябрда «Ала-Арча» жаратылыш паркынын тоолорунан куткаруучулар эки күн мурун жоголгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгүн табышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм үшүп калуудан улам каза болгон.
7-ноябрда саат 19:02де Амир 112 кызматына чалып, тоодон түшүп келе жатып адашып кеткенин билдирген. Кийинчерээк, ӨКМдин нөөмөтчүсү менен кайра сүйлөшкөндө, ал болжолдуу жайгашкан жерин — «Электро» чокусунун аймагы деп айткан. Ошондой эле өспүрүм телефонунун кубаты 2–3% гана калганын кабарлаган.
ӨКМдин маалыматы боюнча, тоодо жүргөн куткаруучулар жоголгон өспүрүм тууралуу кабарды саат 22:00 чамасында гана алышкан. Ал учурда алар башка туристтерди эвакуациялоо менен алек болуп жатышкан. Маалымат түшкөндөн кийин топ бөлүнүп, үч кызматкер Амирди издөөгө кеткен. Бирок аны аман сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
10-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өспүрүмдүн өлүмүнүн чоо-жайын текшерүүнү тапшырган.