Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Энергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болот
14.10.2025 | 17:45

“Кемин” көмөк чордону кышкы мезгилге 95 пайызга даяр болду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, “Кемин” өлкөдөгү эң ири төрт көмөк чордондун бири болуп саналат.
Июнь айында Чүй электр тармактар ишканасы 1-автотрансформаторду кезектеги оңдоодон өткөргөн. Ал эми октябрда 2-автотрансформатор менен 500 кВ реактор бөлүкчөлөрү менен оңдолду.
Мындан тышкары, 220 кВ линиясынын 12 уячасы техникалык тейлөөдөн өттү.
Министрликтин маалыматына караганда, калган оңдоо иштери 1-ноябрга чейин толугу менен аяктайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом