ЕӨБ Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүүгө 370 миңден ашык доллар бөлөт

05.11.2026 | 15:44
ЕӨБ Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүүгө 370 миңден ашык доллар бөлдү — Новости Кыргызстана

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Кыргызстанда интеграцияланган агроазык-түлүк паркын түзүү долбоору үчүн 370 миң 509 доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу КРдин Айыл чарба министрлиги билдирди.

Бүгүн, 5-ноябрда, Аймактык өнөр жайды өнүктүрүү форумунун алкагында аталган долбоорду каржылоо боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлган. Келишим БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) катышуусунда түзүлгөн. Иш-чарага айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев катышкан.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттын эсебинен агроазык-түлүк паркын түзүүнүн техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалат жана өнүктүрүү модели аныкталат. Ошондой элеинвестицияларды тартуу стратегиясы иштелип чыгат.

Scroll to Top